Жаранды опузалап 2 млн. сом алды деген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Видео

Азыркы тапта кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Опузалап акча талап кылган деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кечээ, 12-ноябрда, УКМК тарабынан акча алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү З.Б. жана С.А. аттуу жаран колго түшкөн.
Алар Б.И. аттуу Кыргызстандын жаранына күч колдонуу менен коркутуп, 2 миллион сом талап кылганы аныкталган.
З.Б. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул иш Жазык-процессуалдык кодексинин 203-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.