Кыргызстандан тышка чыгарылган каражат тогуз айда рекорддук көрсөткүчкө жетти

Улуттук банк билдиргендей, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жарандар Кыргызстандан дээрлик 37 миллион долларга көп акча которгон.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстандан 390 миллион 480 миң доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Кеп жарандардын атайын система аркылуу жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.
2021-жылдын январынан сентябрына чейин акча каражатынын сыртка чыгышы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37 миллионго көп.
Буга чейинки жылдардын тогуз айындагы маалыматтарын салыштыра турган болсок, азыркы көрсөткүч рекорд деп эсептелет.