Алматы — Ысык-Көл альтернативдүү жолун куруу маселеси талкууланды

Жолугушуу учурунда аталган жолдун долбоору презентацияланып, техникалык, финансылык, экономикалык жана башка аспектилер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Лао-Арайя Канопкан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында Алматы — Ысык-Көл альтернативдүү жолун куруу маселесин талкуулашты.
Өкмөттөн билдиргендей, жолугушуу учурунда аталган жолдун долбоору презентацияланып, техникалык, финансылык, экономикалык жана башка аспектилер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Аалиев долбоор чоң мааниге ээ экенин айтып, банктын өкүлдөрүнө колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
"Долбоор сөзсүз түрдө туристтик, транспорттук жана соода-сатык жаатына оң таасирин тийгизет. Министрлер кабинети долбоорду ишке ашыруу үчүн болгон жардамын берет", — деди Аалиев.
Ал тийиштүү мамлекеттик органдарга долбоорду тезинен ишке киргизүү үчүн иш алып барууну тапшырды.
Белгилей кетсек, альтернативдүү жол убакытты жана каражатты үнөмдөйт. Ошондой эле туристтердин агымын көбөйтүү менен бирге инвестициянын келишине дагы шарт түзөт.