Кыргызстандык окуучулар физика боюнча эл аралык олимпиадада үч коло алды. Сүрөт

Билим таймашы Өзбекстанда 8-13-ноябрь күндөрү онлайн жана офлайн форматтарда өтүп, Кыргызстан ага аралыктан катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар физика сабагы боюнча эл аралык олимпиадада үч коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 8-13-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Фергана шаарында онлайн жана офлайн форматтарда Ахмад аль-Фергани атындагы физика боюнча эл аралык олимпиада (IAFPhO 2021) өткөн. Ага 19 өлкө катышкан. 
Кыргызстандык окуучулар физика сабагы боюнча эл аралык олимпиадада үч коло медалга ээ болду.
Кыргызстан мелдешке аралыктан катышып, олимпиада бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо менен өткөрүлгөн.
Натыйжада 11-класстын окуучулары Денис Сапарбек уулу (Кадамжай), Нияз Жусупбеков (Жалал-Абад) жана Бекали Гартман (Чүй) коло медаль жеңип алышты.