Коронавирус 70 адамдан чыгып, үч бейтап көз жумду. 13-ноябрга карата маалымат

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 180 миңден ашык кишиде коронавирус аныкталып, анын теңинен көбү айыкты. Тилекке каршы, 2 700дөн ашуун адам каза тапты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 13-ноябрга карата COVID-19 инфекциясын 70 адам жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ооругандар:
Пандемия башталгандан бери өлкөдө 182 267 киши ооруду.
200 миң доза "Спутник Лайт" вакцинасы. Жүктү аэропорттон тосуп алган видео
Бир сутка ичинде 106 бейтап айыкты, жалпы 176 721 киши сакайды.
Тилекке каршы, өткөн суткада үч киши көз жумду. Алар вакцина албаганы белгиленди. Коронавирустан ушуну менен 2 702 адам каза болду.
Стационарда 544, амбулатордук түрдө 762 адам дарыланып жатат.
Өткөн суткада эмдөөдөн 12079 адам өтүп, анын ичинен 5697 биринчи дозаны, 6382 адам экинчи дозаны алган.
Жалпы 1 034 435 киши вакцина сайдырган, анын 812 539у экинчисин алды.