Тогуз айда жол кырсыгынан 600гө чукул киши набыт болгон. Министр тапшырма берди

ИИМ жол коопсуздугун сактоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларга карабастан кырсыктар өскөнүн билдирди. Каза тапкандардан сырткары, сегиз миңден ашуун киши жаракат алган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда январдан сентябрга чейин жол кырсыгынан 600гө чукул адам көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ички иштер министрлиги 2021-жылдын тогуз ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Ага ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басарлары, башкармалыктардын, ошондой эле айрым шаардык жана райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери катышкан.
"Жол коопсуздугун сактоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларга карабастан жол кырсыктары өстү. Жалпысынан тогуз айда 5 437 жол кырсыгы катталып, андан 587 адам каза болгон. Ал эми 8 298 жаран ар кандай жаракаттарды алган", — деп жазылган билдирмеде.
Кырсыкты өзүбүз да алдын алалы. Милиционерлер тез жардамдын айдоочуларына кайрылды
Министр Улан Ниязбеков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кырсыктарды алдын алуу үчүн он күндүн ичинде комплекстүү иш-чаралардын планын иштеп чыгып, министрлер кабинетине сунуштоону тапшырган.
ЖКККББга жарандардын өмүрүн сактоого багытталган иш-чараларды күчөтүү керектигин да айткан.