Өлкө ИДПсы 557 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, андан кийинки сапта товар өндүрүүчүлөр турат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү январь-октябрь айларында 557 миллиард сомго чукулдады. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Өткөн жылдын 10 айына салыштырмалуу ИДП 1,6 пайызга өскөнү белгиленет. Ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда 507 миллиард сомду түзүп, 4,1 пайызга жогорулаган.
Өлкөдө бир жылда суу май 1,5 жарым эсе кымбаттады. Аймактардагы нарк
Маалыматка ылайык, өлкө ИДПсынын өсүү темпи негизинен кызмат көрсөтүүчү тармактардын эсебинен жогорулаган. Бул тармактардагы өсүү 6 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда 2020-жылдын январь-октябрында 10,4 пайызга төмөндөгөнү белгиленди. Ал эми товар өндүрүүчү тармактардын автивдүүлүгү 2,8 пайызга азайган.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (43,4 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, андан кийинки сапта товарларды өндүрүүчү тармактар (42,8 пайыз) турат.