Кыргызстандын калкынын жарымын аялдар түзөт. Андыктан аял ишкерлерди колдоо менен биз мамлекеттин экономикалык абалын жакшырткан болобуз. Бул тууралуу Айнура Сагынбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда эркектер жогору, ал эми аялдар төмөн киреше алып келүүчү бизнес менен алектенет.
"Кыргызстан бүткүл дүйнөдө 19-ноябрда белгиленүүчү аялдардын ишкердик күнүн (Women's Entrepreneurship Day) жетинчи ирет майрамдайт. Бул жылы иш-чара Кыргызстандын 30 жылдык эгемендүүлүгүнө арналып жатат. Себеби эгемендиктин алгачкы жылдары кыйынчылык заманында аялдар чаар баштыгын жонуна көтөрүп алып соода-сатыкта иштеп, экономиканын түптөлүшүнө чоң салымын кошкон. Ошондой эле быйыл аялдар күнү "Ааламга жол айылдан башталат" деген белгилүү лозунг менен өтүп жатат. Себеби аймактарды көтөрмөйүнчө биз эч бир максатка жете албайбыз. Андыктан майрам 13-ноябрда Чоң Алайдан башталып, Алай, Ошто уланат жана Бишкекте жыйынтыкталат. Мында ийгиликтүү ишкер айымдардын катышуусунда мастер-класс, тренингдер өтөт. Бул күнү көмүскөдө калып жаткан аялдардын жетишкендиктерин белгилөө гана эмес, тиешелүү маселелерди талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана таанышуу үчүн аянтча түзүп берүү. Айрым адамдар айткандай, аял ишкерлердин күнүн белгилөө менен гендердик теңсиздик маселеси көтөрүлүп жаткан жок. Ал таптакыр башка нерсе. Мыйзамда аял, эркектин укугу бирдей, бирок мүмкүнчүлүктөрү айырмаланат. Себеби аял кишинин мойнунда үй-бүлөсүнө кам көрүү, балдарын тарбиялоо деген да чоң жоопкерчилиги бар. Андыктан ишкер аялдарга көңүл бөлүнүп, аларга жардам берилүүсү шарт", — деди Сагынбаева.
Ал ишкер аялдардын күнүн жети жыл белгилөөнүн натыйжасында мамлекет аял ишкерлерди колдоо программасын кабыл алууга камынып жатканын, ментордук программа өнүккөнүн жана аял ишкерлерге үй-бүлөсү колдоо көрсөтө баштаганын кошумчалады.