Садыр Жапаров Түркияда Мирзиёев менен жолугуп, аны Кыргызстанга чакырды

Шавкат Мирзиёев Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тууралуу сөз кылып, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү бир миллиард долларга жеткирүүгө мүмкүн экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Стамбулда Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Стамбулда Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен жолукту
Белгилей кетсек, өлкө башчы Стамбул шаарындагы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешине (ТМКК) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышууда.
Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө байланыштарды кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
Президент Жапаров түркиялык ишкерлерди Баткенге инвестиция салууга чакырды
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди президенттик кызматка кайрадан шайланышы менен куттуктап, Кыргызстан боордош Өзбекстан менен эки элдин кызыкчылыгын көздөгөн ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин билдирди. Мамлекет башчы Мирзиёевди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырган.
Шавкат Мирзиёев Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тууралуу сөз кылып, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү бир миллиард долларга жеткирүүгө мүмкүн экенин белгилеген.
Кыргызстан менен Өзбекстандын лидерлери биргелешкен күн тартибиндеги бардык багыттар боюнча активдүү жана жемиштүү диалогду улантууга даяр экенин билдиришкен.