Абал курчуп турат. Жапаров саммитте коопсуздук үчүн платформа түзүүнү сунуштады

Президент Кыргызстан түрк дүйнөсүнүн ич ара карым-катнашына, бир туугандык байланыштарына мындан ары да активдүү катышарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Түркияда өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) саммитинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын атынан коопсуздук багытындагы сунуштарды киргизди.
Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, алардын бири "Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы" деген платформаны түзүү идеясы болгон.
Президент Садыр Жапаров
"Азыркы учурда дүйнөлүк геосаясий кырдаал да курчуп турат. Бул биринчи кезекте акыркы айлардагы Афганистандагы окуялар менен байланышта. Мындай жагдай Борбор Азия өлкөлөрүндө тынчсызданууну жаратууда. Албетте, биз бардык маселелердин тынчтык жолу менен дипломатиялык диалог аркылуу чечилишин көздөйбүз. Анткени Афганистанда абал курчуй берсе Борбор Азия өлкөлөрүнө да түздөн-түз залакасын тийгизет", — деген президент.
Ал тынчтыктан артык дөөлөт жоктугун айтып, түзүлгөн кырдаалдан улам атайын уюм түптөө боюнча төмөнкүдөй сунуш кылган.
Стамбулда түрк тилдүү мамлекеттердин катчылыгынын жаңы кеңсеси ачылды. Сүрөт
"Учурдагы кырдаалды эске алып, Кыргызстан түрк дүйнөсүнө, жалпы эле эл аралык коомчулукка "Борбор Азия — тынчтыктын аймагы" деген платформаны түзүү идеясын сунуштайт. Борбор Азия — демографиялык өнүгүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлеген аймак", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы ата-бабалар тынчтык, ынтымак жана сабырдуулукту жогору баалап келгенине токтолгон.
"Биз аймакты тынчтыктын, бир туугандыктын, ынтымактуу коңшулардын аймагы катары көргүбүз келет. Борбор Азиянын элдери эзелтен тынчтыкты сүйүп, жанаша жашоонун принциптерин баалай билген. Кыргызстан — түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү. Кыргызстан түрк дүйнөсүнүн ич ара карым-катнашына, бир туугандык байланыштарына мындан ары да активдүү катышат жана түрк мамлекеттеринин интеграциялык процесстеринин өнүгүшүнө бараандуу салымын кошот. Тарыхыбыз да, тилибиз да бир, ата-бабаларыбыздан керээз калган насаатты ыйык тутуп, мындан ары да биргебиз жана биримдиктебиз. Биздин күчүбүз – ынтымакта жана биримдикте!" — деген ал.
Белгилей кетсек, маимлекет башчы Түркияга барып, Стамбул шаарындагы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышты.