УКМК 2 500 сервердик жабдуу орноткон майнинг-ферманы аныктады. Сүрөт, видео

Аныкталган майнинг-ферма чет өлкөлүк жарандардыкы болуп чыккан. Алар ферманы күнөскана сыяктуу уюштуруп, анын ичине 2 500 даана сервердик жабдуу орнотушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун Ысык-Ата районунда электр тармагына ири зыян келтирген майнинг-ферманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүй облусунун Ысык-Ата районунда электр тармагына ири зыян келтирген майнинг-ферманы аныктады
2 / 3
Чет өлкөлүк жарандар күнөскана сыяктуу майнинг-ферма уюштуруп, анын ичине 2 500 даана сервердик жабдуу орнотушкан
3 / 3
Азыркы тапта УКМК аталган майнинг-ферманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктап жатканын билдирди
Азыркы тапта УКМК аталган майнинг-ферманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктап жатканын билдирди. Ошондой эле ферманын энергетика тармагына келтирилген зыянын эсептөө жана сервердик жабдууларды өлкөгө алып келүүнүн мыйзамдуулугун билүү боюнча тергөө иштер жүрүп жатканын айтышты.