Стамбулда түрк тилдүү мамлекеттердин катчылыгынын жаңы кеңсеси ачылды. Сүрөт

Президенттер сүрөткө түшкөн соң Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери формалдуу эмес жагдайда баарлашуу үчүн ТМКК катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын имаратына киришти.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгына мүчө-мамлекеттердин кеңешинин (ТМКК) катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылышы болуп, ага алты өлкөнүн президенттери катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3
Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгына мүчө-мамлекеттердин кеңешинин (ТМКК) катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылышы болуп, ага алты өлкөнүн президенттери катышты
2 / 3
Мамлекет башчылары бир учурда өздөрүнүн улуттук тууларын көтөрүп, андан кийин ТМКК катчылыгынын штаб-квартирасынын жаңы имаратынын алдында лента кесишти
3 / 3
Салтанаттуу иш-чарага Режеп Тайип Эрдоган, Ильхам Алиев, Касым-Жомарт Токаев, Гурбангулы Бердымухамедов, Шавкат Мирзиёев, Венгрия премьер-министри Виктор Орбан жана ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев катышты
Мамлекет башчылары бир учурда өздөрүнүн улуттук тууларын көтөрүп, андан кийин ТМКК катчылыгынын штаб-квартирасынын жаңы имаратынын алдында лента кесишти.
Кызматташуу өнүгөт. Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолукту
Салтанаттуу иш-чарага Режеп Тайип Эрдоган, Ильхам Алиев, Касым-Жомарт Токаев, Гурбангулы Бердымухамедов, Шавкат Мирзиёев, Венгрия премьер-министри Виктор Орбан жана ТМККнын башкы катчысы Багдад Амреев катышты.
Биргелешип сүрөткө түшкөн соң Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери формалдуу эмес жагдайда баарлашуу үчүн ТМКК катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын имаратына киришти.