"Тулпар" картасын кайдан алса болот? Даректер

Тейлөө борборлору акимчиликтердин имаратында жайгашып, дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 9:00дөн 18:00гө дейре иштей турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматы коомдук транспорттордо жүрүү үчүн (автобус, троллейбус) "Тулпар" көзөмөл кызматынын картасын кайдан алса же эскисин жаңысына алмаштырса болорун айтып, даректерди жарыялады.
Белгилей кетсек, "Тулпар" картасын жүргүнчү троллейбус, автобустарда колдонот жана жол кирени акчалай эмес, карта аркылуу төлөсө болот. Карта үч түргө бөлүнөт. Кызыл карта пенсионерлерге, почта кызматкерлерине жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилет. Ал эми окуучулар жашыл түстөгү картаны алат. Жалпы жарандар үчүн көк түстөгү карта каралган.
"Тулпар" жеңилдетилген картаны төмөнкү даректерден алып же алмаштырууга мүмкүн. Алар:
Тейлөө борборлору акимчиликтердин имаратында жайгашып, дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 9:00дөн 18:00гө дейре иштей турганы айтылды.
"Тулпар" картасы боюнча суроо жаралса, шаардыктар 0312 582000 телефонуна кайрыла алышат.