Тилек Машрапов ACA ММА лигасында тажикстандык мушкер менен таймашат

Атлеттер лиганын 4-декабрда Санкт-Петербург шаарында өтө турган АСА133 мелдешинде кез келишет. Эки спортчу тең буга чейинки таймаштарда жеңилишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык ММА мушкери Тилек Машрапов Россиядагы белгилүү Absolute Championship Akhmat (ACA) лигасында кезектеги беттешке чыгат. Ал тажикстандык Мамуржон Хамдамов менен таймашарын аталган уюм расмий баракчасына чыгарды. 
Атлеттер лиганын 4-декабрда Санкт-Петербург шаарында өтө турган АСА133 мелдешинде кез келишет.
"Эки мушкер тең кара күчкө маш жана мушташ өнөрүнүн универсалдары десе болот. Деген менен алар буга чейинки таймаштарда жеңилишкен. Демек, алдыда бизди кыл чайнаш кармаш күтөт", — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Эске салсак, Машрапов лиганын атактуу мушкери Али Баговдон жеңилсе, Хамдамовду Георгий Кичигин уткан.
Кыргыз атлети ММА спортунда жалпысынан 15 беттешке чыгып, 10 атаандашын уткан. Беш жолу жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми тажикстандык спортчу 12 беттештин онун утуп, эки ирет жеңилген.