Кызматташуу өнүгөт. Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолукту

Ильхам Алиев белгилегендей, ТМККнын макамы Түрк тилдүү мамлекеттер уюму деп жогорулоосу күтүлүүдө. Бул эки мамлекеттин мамилелерин дагы да чыңдайт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Ильхам Алиев менен жылуу учурашып, Кыргызстан менен Азербайжан чыныгы боордош өлкөлөр экенин баса белгиледи. Ошондой эле мындан ары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саясий чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
1 / 3
Президент Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитинин (ТМКК) алкагында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолукту
2 / 3
Жапаров Ильхам Алиев менен жылуу учурашып, Кыргызстан менен Азербайжан чыныгы боордош өлкөлөр экенин баса белгиледи. Ошондой эле мындан ары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саясий чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
3 / 3
Ал эми Ильхам Алиев ТМККнын бүгүнкү саммити бүткүл түрк дүйнөсү, анын ичинде Кыргызстан менен Азербайжан үчүн тарыхый мааниге ээ, анткени кеңештин макамы Түрк тилдүү мамлекеттер уюму деп жогорулоосу күтүлүүдө деди
Ал эми Ильхам Алиев ТМККнын бүгүнкү саммити бүткүл түрк дүйнөсү, анын ичинде Кыргызстан менен Азербайжан үчүн тарыхый мааниге ээ, анткени кеңештин макамы Түрк тилдүү мамлекеттер уюму деп жогорулоосу күтүлүүдө деди. Бул эки мамлекеттин мамилелери жана саясий, экономикалык, гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташтыктын кеңири багыттары тууралуу сүйлөшүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.
"Азербайжандын президенти эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу Кыргызстан менен Азербайжан элдеринин бакубатчылыгы үчүн байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө дем берерине ишенимин билдирди. Анын пикиринде, кыргыз-азербайжан кызматташтыгы толук кандуу жана жыйынтыкка багытталган", — деп айтылат маалыматта.
Эки өлкөнүн лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.