Партия лидерлери качан жана ким менен теледебатка чыгары аныкталды

Дебатка күн сайын төрттөн партия чакырылат. Биринчи болуп "Аруузат", "Ишеним, "Ынтымак", "Альянс" партиялары кездешет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Парламенттик шайлоого катышып жаткан партия лидерлеринин КТРКдагы теледебаты 22-ноябрда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
БШК дебатка чыга турган партиялар арасында чүчү кулак өткөрүп, ким менен ким чыгары аныкталган. Күн сайын төрттөн партия чакырылат.
Дебаттар кечки саат 22:20да башталып, эки саатка созулат. Ал эми 26-ноябрда беш партия катышкандыктан 2 саат 25 мүнөт берилет.