Быйыл Миң-Кушта уу калдыктарын сактоочу жай куруу пландалууда

Жапаров уран казуучу ишканаларга таасир эте турган мамлекеттер аралык аймактарды рекультивациялоо программасы ийгиликтүү ишке ашып жатканына токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Быйылкы жылы Миң-Куш шаарында уу калдыктарын сактоочу жай куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынында билдирди.
Ал уран казуучу ишканаларга таасир эте турган мамлекеттер аралык аймактарды рекультивациялоо программасы ийгиликтүү ишке ашып жатканына токтолгон.
"Бул программанын алкагында уу калдыктарын сактоочу жайларды, анын ичинде Кыргызстандын эки калктуу конушундагы жерди рекультивациялоо каралууда. Алардын бири Кажы-Сайда жайгашкан. Ал жакта иш толугу менен бүтүп, жер коопсуз абалга келтирилген", — деди Жапаров.
Өкмөт башчы быйыл Миң-Куштагы уу калдыктарын сактоочу жайдагы курулуш иштерин бүтүрүү пландалып жатканын кошумчалаган. Кыргызстан бул долбоордун андан ары иштеп кетүүсүнө кызыкдар.