БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Милициянын кайгуул кызматы тез жардам унааларынын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу аталган кызмат кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында жыл башынан бери тез жардам унааларынын катышуусунда 15 жол кырсыгы катталып, жети киши жаракат алган.
"Кырсыктардын көпчүлүгү оорулууну ташып баратканда каршы тилкедеги унаалардын жол бошотуп бербей койгонунан жана катуу ылдамдыкта айдагандан келип чыккан. Ошондой эле айрым тез жардам унааларынын техникалык абалы начар болгондуктан жол кырсыктары келип чыгары байкалууда", — деп жазылган маалыматта.
Буга байланыштуу Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигинин автобазасындагы тез жардам унааларынын айдоочуларына жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
"Жолугушуу учурунда алгач унаанын техникалык абалына көңүл буруп, жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу керектигин айтышты. Бейтаптарды ооруканага ыкчам жеткирүү учурунда каршы тилке менен унаалардын жол бошотуп бергенине көңүл буруп, кыймыл учурунда жарык берүүчү жана үн коштоочу каражаттарды байма-бай иштетүү керек экендигин эскертишти", — деп жазылган билдирмеде.
Ушул тапта Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан "Коомдук транспорт" аталышында рейд өткөрүлүп жатат.