Акылбек Жапаров КМШ өкмөт башчыларына жаңы темир жолдорду курууну сунуштады

Өкмөт башчы Кыргызстан транспорт логистикасын жана темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынында жаңы темир жол куруу темасын козгоду.
Анын айтымында, Кыргызстан транспорт логистикасын жана темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле барьерлерди жоюуга өзгөчө көңүл бурат.
"Кыргызстан үчүн деңизге чыга албаган өлкө катары транспорттук коридорду жакшыртуу, экономикалык обочолонуудан чыгуу өтө маанилүү", — деди Жапаров.
Президент Жапаров түркиялык ишкерлерди Баткенге инвестиция салууга чакырды
Ошондой эле ал ушуга байланыштуу республика бардык тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен КМШ өлкөлөрүнүн транспорттук жана транзиттик потенциалын өстүрүүнү кубаттай турганын белгиледи.
"Кыргызстан жүк жана жүргүнчү каттамдары боюнча КМШ өлкөлөрүнө темир жол аркылуу гана чыга алат, тагыраак айтканда, Өзбекстан менен Казакстанга. Мындай маселенин чечилиши биз үчүн өзгөчө мааниге ээ", — деди өкмөт башчы.
Аны менен катар Жапаров темир жол транспортун өнүктүрүү концепциясы КМШ мейкиндигинде тиешелүү инфраструктураларды өнүктүрүүгө көмөкчү болот деген ишенимин билдирди.