Кожошев Россиянын элчиси менен билим берүү мекемелерин куруу тууралуу сүйлөштү

Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана энергетикалык тармакта өз ара аракеттенүү тууралуу кеп болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, анда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана энергетикалык тармакта өз ара аракеттенүү тууралуу кеп болгон.
"Кыргызстан Россия менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар. Өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы катары анын ишин активдештирүүгө жана эпидемиологиялык абалды эске алуу менен өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги кеңешмесин өткөрүүгө даярмын", — деди Кожошев.
Тараптар илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтип, Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарын куруу маселесине да токтолушкан.