Ишембиге карата аба ырайы

13-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөнүндө +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көлдө +8...+13, Нарын жергесинде +6...+11 градуска көтөрүлөт.
Күндүн табы Бишкекте +11...+13, Ошто +12...+14 градуска жетет.