ИИМ Жаныш Бакиевдин портретин илгени үчүн коомчулуктан кечирим сурады

Качкын президенттин бир тууганы ИИМдин баңгизат бизнеси менен күрөшүү башкармалыгын 2000-2001-жылдары жетектеген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы мекеменин дубалына илинген мурдагы жетекчилеринин портреттеринин арасынан Жаныш Бакиевди алып, кечирим сурады.
"Урматтуу кыргыз эли, ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кетирилген калпыстык үчүн коомчулуктан кечирим сурайт. Бүгүн (11-ноябрь — ред.) БМЖКККнын мурдагы жетекчилеринин портрети илинип, анын арасында Жаныш Бакиевдин да портрети коюлган. Бул жерде кандайдыр бир ниет болгон эмес. Бирок калпыстыкты жоюп, портретти дубалдан алып салдык", — деп айтылат маалыматта.
Жаныш Бакиев Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин бир тууганы. Ал ИИМдин баңгизат бизнеси менен күрөшүү башкармалыгын 2000-2001-жылдары жетектеген. 7-апрель окуясынан кийин ага өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.