Бишкектин чок ортосунда тез татым өрттөндү. Видео

Өрт өчүрүүчүлөр күйгөн тез татымды бир сааттын ичинде толугу менен өчүргөн. Азырынча өрттүн эмнеден келип чыкканы такталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда тез татым өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги өрт тууралуу маалымат ӨКМге кечки саат 22:30дар чамасында түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр саат 22:40та жерине барып, 14 мүнөттөн кийин аны чектөөгө алышкан. Ал эми саат 23:17де өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Маалым болгондой, ашканада столдор, жыгач эшик жана видеокамера күйгөн. Өрттүн келип чыккан себеби такталып жатат.