"Алтын казына" ресторанында чыккан өрт өчүрүлдү. Сүрөт

Дөңгөлөктөр, ресторанга кошулуп тургузулган жеңил конструкциядагы пластик дубал күйгөн. Айтмакчы, бүгүн ал жерде той өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы "Алтын казына" ресторанынын аймагынан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.
1 / 3
Борбор калаадагы "Алтын казына" ресторанынын аймагынан чыккан өрт өчүрүлдү
2 / 3
Ал жерде ресторанга кошулуп тургузулган көмөкчү имарат күйгөнү белгилүү болду. Дөңгөлөктөр жана жеңил конструкциядагы пластик дубал өрттөнгөн.
3 / 3
"Алтын казына групп" компаниясынын директору Жамбы Мамажанова мекеменин кызматкерлери өз убагында ыкчам чара көрүп, ичиндегилердин баарын эвакуациялаганын билдирди
Ал жерде ресторанга кошулуп тургузулган көмөкчү имараттын күйгөнү белгилүү болду. Дөңгөлөктөр жана жеңил конструкциядагы пластик дубал өрттөнгөн. "Алтын казына групп" компаниясынын директору Жамбы Мамажанова мекеменин кызматкерлери өз убагында ыкчам чара көрүп ичиндегилердин баарын эвакуациялаганын билдирди. Ресторандын  мүлкү зыян тарткан эмес. Ал бүгүн кечкиге белгиленген той кадимкидей эле өтөрүн эскертти. Администрация өрттүн чыгышына ким жол бергенин териштирет.
Буга чейин ӨКМ Жибек Жолу менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеден өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирген.