Американын Алабама шаарында тарыхтагы эң кичинекей ара төрөлгөн бала катталды. Бул туурасында Гиннестин рекорддор китебинин сайтында жазылган.
Кертис Зай-Кит Минс 2020-жылы июлда туулган. Ымыркай энесинин карынында 21 жума гана жатып, талаптагы 40 апталык мөөнөттүн жарымында эле жарыкка келген.
2020-жылдын 4-июлунда анын апасы Мишель Батлердин толгоосу башталып, ооруканага алып келишкен. Анын эртеси эгиз уул-кыз төрөгөн. Кызы бир күндөн кийин чарчап калган, ал эми уулу жашап кеткен.
Ал 420 грамм болуп төрөлгөн, анын салмагы болжол менен футбол тобу менен барабар. Дарыгерлер ымыркайдын жашап кетишине бир пайыз мүмкүнчүлүк бар экенин айтышкан.
"Медиктер адатта мындай балдарды сактап кала албастыгын билдирди. Алар балам торолуп кетерин билишкен жок, андыктан жакшылап тиленүүнү улантуу керектигин айтышты", — деп айткан наристенин апасы Гиннестин рекорддор китебине курган маегинде.
Учурда Кертис 16 айлык болуп калды. Аны быйылкы жылдын апрелинде ооруканадан чыгарышкан. Бул аралыкта ага өз алдынча дем алып, азыктанууну үйрөтүшкөн. Ага чейин реанимацияда жаткан, үч ай бою өпкөнү жасалма дем алдырган аппаратка кошулган.
Бөбөккө учурда дагы кислород берген аппарат жана азыктанууга түтүк керектелет, жалпысынан дарыгерлер анын саламаттыгына жогору баа беришүүдө.