ACA уюму кыргызстандык Алтынбек Мамашовду мыкты мушкерлердин сабына кошту

Кыргызстандык мушкер эстен тандырган кубаттуу соккулары менен таанымал. Акыркы эки беттешиндеги нокауттары үчүн лигадан 50 миң доллардан бонус алган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Россиялык Absolute Championship Akhmat (ACA) уюму кыргызстандык Алтынбек Мамашовду лиганын жарым орто (77 килограмм) салмактагы мыкты мушкерлердин катарына киргизди. Лига тогуз мыктыны атап, онунчусун күйөрмандар тандаган. 
Кыргыз спортчусу соңку 4-октябрдагы беттешинде UFC уюмунун экс-мушкери, бразилиялык Элиас Сильвериону жыга чаап, нокаутка кетирип уткан. Ээкке таамай тийген кубаттуу соккудан бразилиялыктын оозундагы тиш калканы (капа) ыргып кеткен.
Мамашов аталган лиганын 2021-жылдын жарым жылдыгындагы мыкты нокауттун автору болуп табылган. Атлет 11-июнда өткөн мелдеште россиялык Василий Курочкинди нокаутка кетирген.
Ал акыркы эки беттешиндеги нокауттары үчүн лигадан 50 миң доллар бонус алган.
Кыргыз мушкери аталган уюмда буга чейинки үч таймашынын экөөсүн утуп, бирөөндө жеңилген. Мамашов ММА спортунда жалпысынан 17 беттешке чыгып, 15 учурунда атаандашын уткан. Бир жолу жеңилип, дагы бир кармашта тең чыккан.