Радио

Бекболотов: каражаттын жетишсиздигинен улам мультфильмдер тартылбай жатат

Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясынын директору Акжол Бекболотов анимациялык тасмаларды жараткандарга субсидия түрүндө мамлекеттик колдоо керектигин айтты.
Sputnik
Өлкөдө анимацияны өнүктүрүүгө каражат жетиштүү бөлүнбөгөндүктөн, мамлекеттик идеологияга багытталган мультфильмдер жаралбай жатат. Мындай пикирин Акжол Бекболотов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү күчтүү аниматорлордун көбү айлык акынын аздыгынан жеке сегмент үчүн иштеп кетишти.
"Кыргыз анимациясын өнүктүрүүдө кадр маселеси оор көйгөйлөрдүн бири. Аларды окутуу, тажрыйбасын арттыруу, шартын түзүү, айлык акысын жакшыртуу үчүн каражат жетишсиз. Мамлекеттик идеологияны түзүүдө балдарга арналган анимациялык тасмаларды жаратсак, жыйынтыгы жакшы болор эле. 2017-жылы "Кыргызфильм" киностудиясынын алкагында анимациялык эмгектерди жаратуу үчүн атайын топ түзүлгөн, бирок ал менин көңүлүмө толгон эмес. Анткени сапаттуу мультфильм чоң каражатты, көп убакытты, тажрыйбалуу адистерди талап кылат. Ал үчүн атайын бөлүм ачып, мамлекеттик колдоо керек. Мисалы, советтик мезгилде баары бир тармак катары каралып, көп акча бөлүнүп турган. Андыктан анимациялык тасмаларды жараткандарга субсидия берилиши керек", — деди Бекболотов.
Ошондой эле адис сапаттуу анимациялык тасмаларды жаратуу үчүн биздин шартта көп убакыт керектеле тургандыгын кошумчалады.