БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Түркиянын Стамбул шаарына иш сапар менен учуп кеткенин мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Сапар алкагында Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын (ТМКК) катышуучу-өлкө башчыларынын "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" темасындагы сегизинчи саммитине катышат.
"Саммит аянтчасында Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө", — деп айтылган маалыматта.
Жапаровду КРдин расмий делегациясынын курамына кирген төмөнкү адамдар коштоп кетти: