YouTube дизлайктардын эсебин жашырат. Себеби

Компания "жаккан жок" баскычы мурдагыдай эле кала берерин айтты. Дизлайктардын санын контенттин авторлору гана көрө алат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. YouTube видеохостинги мындан ары видеого карата терс баалардын санын көрсөтпөйт. Бул тууралуу компания өзүнүн расмий сайтында билдирди.
Бул эреже 10-ноябрдан тарта киргизилген.
"Алынган маалыматтардын негизинде биз терс сын-пикирлердин статистикасын жашыруун кылууну чечтик. Аны контенттин авторлору гана көрө алат. Ошол эле учурда "жаккан жок" баскычы кала берет", — деп билдирген компания.
ЖМК: Apple учкучсуз автоунаа чыгарып, Tesla компаниясына атаандаш болмокчу
YouTube бул колдонуучулардын контентин ар кандай чабуулдардан алдын алат деп ишенет. Анткени айрымдар терс баалоолорду көбөйтүү аркылуу башка бирөөлөрдүн каналына кедергисин тийгизгиси келерин айткан.
"Биз колдонуучулар коркпостон ийгилик жарата алган чөйрөнү түзгүбүз келет", — деген YouTube.
Ошондой эле компания видеосервисти жакшыртуу иши улана турганын белгилеген.