Россиялык ишкер: КРдин күн энергетикалык станциялар боюнча мүмкүнчүлүгү чоң

Кыргызстанга россиялык компаниялардын Эл аралык көп тармактуу ишкердик миссиясы келген. Эки күндөн бери жолугушуулар өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Россияда күн энергетикалык станцияларын чыгарган компаниянын эл аралык долбоорлорду өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Максим Капустин Кыргызстандын күн энергетикасы боюнча потенциалын айтып берди. 
Кыргызстанга россиялык компаниялардын Эл аралык көп тармактуу ишкердик миссиясы келген. Анын алкагында ата мекендик бизнесмендер россиялык кесиптештери менен жолугуп энергетика, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана башка тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. 
Россияда күн энергетикалык станцияларын чыгарган компаниянын эл аралык долбоорлорду өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Максим Капустин
“Кыргызстан гидроэнергетикалык потенциалы менен белгилүү, бирок күн энергетикасы жаатында дагы мүмкүнчүлүгү жогору. Себеби тоолуу өлкө, бул күндүн нурун толук колдонууга шарт түзөт. Электр станциясы канчалык бийикте болсо, ошончо жакшы. Деген менен рельефтин катаалдыгы да бар, бирок жумушчу аянтчаны издесе болот. Ошондой эле мындай станцияларды үйдүн чатырына орнотсо дагы болот. Бул ири масштабдуу болбойт, бирок генерацияны бөлүштүрүп керектүү кубаттуулукту бере алат”, — деди Капустин.
Ошондой эле ал генерацияны бөлүштүрүү жолу менен электр энергиясынын акыркы керектөөчүлөргө жеткендеги баасы төмөн болорун кошумчалады.