БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Ош шаарында жаштар үчүн креативдүү борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, борбордун курулушун Youth of Osh коомдук бирикмеси каржылап, ага капсула салынган.
Жаштар үчүн маанилүү деген борбордун курулушун баштоо аземине Ош мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов, Youth of Osh бирикмесинин аткаруучу директору Акмарал Сатинбаева, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана жаштар катышкан.
Досматов бул жерде жаштар үчүн чыгармачыл жана инновациялык иш-чаралар, жолугушуулар уюштурула турганын белгилеген.