Бүгүн Кыргызстан менен Сингапурдун футболчулары беттешет. Көрсөтө турган каналдар

Курама командалардын жолдоштук беттеши Бириккен Араб Эмирлигиндеги "Аль-Хамрия" стадионунда болот. Оюн 19:00дө башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстан менен Сингапур командаларынын жолдоштук беттешин KYRGYZ SPORT TV каналы түз алып көрсөтөт. Мындай кабарды өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы жарыялады.
Оюн бүгүн, 11-ноябрда, Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. Каалоочулар төмөнкү шилтеме менен кирип көрө алышат.
"Бизде эң жагымдуу кабар бар! Кыргыз футболдук союзу жана Kyrgyz Sport TV каналы беттешти түз алып берүү боюнча келишимге жетишти. Оюн KYRGYZ SPORT TV каналында, YouTube платформасында (шилтеме сторизде жана @kyrgyz_sport_tv профилинде), мындан тышкары Акнет, Мегалайн, Неотелеком кабелдик түйүндөрүндө көрсөтүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, KYRGYZ SPORT TV – Улуттук курама команданын оюндарынын интернет айдыңындагы жана Акнет, Мегалайн, Неотелеком кабелдик түйүндөрүндөгү түз алып берүүлөрдүн автордук укугунун ээси болуп саналат.
Улуттук команда 16-ноябрда Бахрейн менен да ойнойт. Бул жолдоштук беттештер 2023-жылы боло турчу Азия кубогу мелдешинин тандоо туруна даярдыктын алкагында өткөрүлөт.