Кыргызстан темир жолдорун оңдоо үчүн Россиядан 20 чакырым рельс сатып алды

Мамлекеттик ишкананын директору ушул жумада көйгөй жаратып келген тилкелерге рельстер коюлуп баштаарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Россиядан 20 чакырым металл рельсин сатып алды. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Кыргыз темир жолунун коопсуздугун бекемдөө үчүн ишкана аларды өзүнүн жеке каражатынын эсебинен алганы белгиленет.
"Р-65 тибиндеги рельстердин биринчи партиясы бүгүн келди. Рельстер жаңы, 2021-жылы чыгарылган, бардык талаптарга дал келет. Ушул жумада көйгөй жаратып келген тилкелерге рельстерди коё баштайбыз", — деди ишкананын башкы директору Азамат Сакиев.
Алар төмөнкү тилкелерге бөлүнгөн: