Кечээтен бери коронавирус дагы үч кишинин өмүрүн алды. 11-ноябрдын маалыматы

Өткөн суткада илдет илештиргендердин көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунан чыккан. Нарын облусунда коронавирус жуктурган учур катталган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 108 адамдан коронавирус табылып, 118 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Вакцинанын арты менен оору азайды! Жапаров элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды
Азыркы тапта стационарда 552, ал эми амбулатордук шартта 797 адам дарыланып жатканы айтылды.
Бир сутка ичинде өлкөдө 12 924 адам эмделген, анын ичинен 5 325и вакцинанын биринчи дозасын алса, 7 599 киши экинчи дозасын сайдырган.