БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Дүйнөгө белгилүү болгон "Кальмар оюну" сериалы YouTube видеохостингинде буга чейинки жылдарда популярдуу болгон "Игра престолов" сериалынан озуп өттү. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Чыкканына толук эки ай боло элек корей сериалына тиешеси бар видеолордун саны YouTube тармагында азыркы учурда 131 миңден ашып, аны 17 миллиард жолу көрүштү. Комментарий жана лайктардын саны 533 миллионго жетти.
Ал эми буга чейин мыктылардын сап башында турган "Игра престолов" сериалына тиешелүү бардык видеороликтер (420 миң) 10 жыл ичинде жалпысынан 16,9 миллиард жолу көрүлгөн. Ага калтырылган пикир жана лайктардын саны 233 миллиондон ашык.
"Игра престолов" — фэнтези жанрындагы америкалык популярдуу сериал. Ал жазуучу Жорж Мартиндин "Песнь льда и пламени" аттуу романынын негизинде тартылган. Сериалдын тартуучулары "Эмми" абройлуу сыйлыгын 38 жолу алган.
"Кальмар оюну" деп аталган түштүк кореялык фильм 17-сентябрда чыгып, Netflix сервисинде азыр 90 өлкөнүн жашоочулары көп көргөн сериалдардын топ башында турат. Сюжетте карызы көп болуп кетип, жанын аман алып калуу үчүн оюнга катышууга макул болгон адамдар туурасында баяндалат. Алгач бул катышкан кишилерге баланын оюнундай көрүнөт. Жеңүүчү аягында 45,6 миллиард вон (болжол менен 38,5 миллион доллар) алары айтылат.