БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Милиция Чүй облусунун эки тургунун издеп жатат. Бири дээрлик бир жылдан бери дайынсыз болуп жатса, экинчиси октябрь айында үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Жаманкулова Мээрим жана Ильенко Олег
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Кант шаарынын 42 жаштагы тургуну Ильенко Олег Сергеевич былтыркы жылдын декабрь айында дайынсыз жоголгон.
Белгилери: бою — 172-177 сантиметр, чачтары кыска, күңүрт. Алдыңкы тиштери жок, төшүндө карышкыр тартылган татуировкасы бар.
Ошондой эле Ысык-Ата районунун 42 жаштагы тургуну Жаманкулова Мээрим Жолдошевна изделүүдө. Ал үйүнөн ушул жылдын 15-октябрында чыгып кеткен.
Белгилери: бою — 155-160 сантиметр, арыкчырай. Чачы кара, кыска кыркылган.
Бул адамдар тууралуу көргөн-билгендер 0708 10-81-10 номерине кабарласа болот.