Бирөө 700 миң сом... Жолдогу коопсуздук үчүн 20 радар сатып алынат

Ведомство жолдордогу транспорттун ылдамдыгына байкоо салыш үчүн 20 радарды 14 миллион сомго сатып алмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык ылдамдыкты лазер менен өлчөгүчтөрдү (радар) сатып алууга ниеттенип жатат.
Бул боюнча жарыяланган конкурс мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган.
Ага 14 миллион сом бөлүнөрү, ар биринин баасы 700 миң сомду чапчый турганы айтылган. ЖКККББ андай аппараттан жыйырманы ала тургандыгын билдирген.
Анын техникалык мүнөздөмөсү жана сатып алуунун шарттары аталган порталдын сайтында көрсөтүлгөн.