УКМКнын Кара-Көлдөгү кызматкерлери үчүн жаңы имарат салынды. Сүрөт

Имаратта кызматкерлер үчүн эс алуу бөлмөсү жана автоунаа токтоочу жайлар да каралган. Салтанатка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмү үчүн жаңы имарат курулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5
УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмү үчүн жаңы имарат курулду
2 / 5
Имаратта кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар жана шарттар менен камсыздалган эс алуу бөлмөсү, автоунаа токтоочу жайлар да каралган
3 / 5
Жаңы имараттын ишке берүү аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы, ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан
4 / 5
Кара-Көлдөгү УКМКнын жаңы имараты
5 / 5
Кара-Көлдөгү УКМКнын жаңы имараты
"Имаратта кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар жана шарттар менен камсыздалган эс алуу бөлмөсү, автоунаа токтоочу жайлар да каралган", — деп жазылган маалыматта.
Жаңы имараттын ишке берүү аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы, ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан.