Спецназ өспүрүмдөрдү үгүт ишине тарткан экстремисттик топту колго түшүрдү. Видео

Топтун жетекчиси чет элдик жаран болуп чыкты. Кармалгандардын баары камакка алынды. Спецназ алардын үй-жайын да тинтти.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкекте көмүскө иш алып барган "Хизб ут-Тахрир"* диний-экстремисттик уюмунун лидерлеринин бири жана активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Тыюу салынган адабияттарды Бишкекте жана Чүй облусунда таратууга, ошондой эле балдарды жана өспүрүмдөрдү мыйзамсыз иштерге тартууга адистешкен топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.
1 / 3
Бишкекте көмүскө иш алып барган "Хизб ут-Тахрир"* диний-экстремисттик уюмунун лидерлеринин бири жана активдүү мүчөлөрү кармалды
2 / 3
Тыюу салынган адабияттарды Бишкекте жана Чүй облусунда таратууга, ошондой эле балдарды жана өспүрүмдөрдү мыйзамсыз иштерге тартууга адистешкен топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган
3 / 3
Топтун жетекчиси коңшу өлкөнүн жараны болгон. Ал башка кармалгандар менен кошо УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынган.
"Атайын операция баш калаадагы мекемелердин биринде уюмдун кезектеги жыйыны жүргүзүлүп жаткан учурда жасалды. Топтун ишине өспүрүмдөр да тартылган. Анда уюмдун идеологдору экстремисттердин жаш муунун өстүрүү жана окутуп-үйрөтүүнүн алкагында экстремизмдин идеясын жайылтуу аракетин жүргүзүшкөн", — деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.
Топтун жетекчиси коңшу өлкөнүн жараны болгон. Ал башка кармалгандар менен кошо УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынган.
"Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун Кызыл-Кыядагы лидерлери кармалды
Алардын үй-жайын тинтүү учурунда тыюу салынган экстремисттик багыттагы көптөгөн адабияттар, ошондой эле электрондук маалыматтар сакталган буюмдар алынып, экспертизага берилген.
УКМК тыюу салынган диний уюмдарга мүчө болгондор, ошондой эле балдарды диний-экстремисттик жана башка кылмыштуу аракеттерге тарткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.
* Кыргызстанда, Россияда жана башка өлкөлөрдө экстремисттик деп табылып тыюу салынган уюм.