Садыр Жапаров Улуттук банкка дагы бир орун басар дайындады

Улуттук банктын жаңы орун басары 46 жашта. Буга чейин коммерциялык банктардын биринин башкармалыгын жетектеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Манас Жакыпов Улуттук банктын орун басары болуп дайындалгандыгын президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Мындай буйрукка Садыр Жапаров кол койгон.
Садыр Жапаров аймактарга 14 судья дайындады. Тизме
Жакыпов учурда 46 жашта. 2021-жылдын август айынын ортосуна чейин "ФинансКредитБанк" ЖАКнын директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеп турган.
Мындан мурдараак Жапаров Улуттук банкка дагы бир жаңы орун басарды – Заир Чокоевди дайындаган.
Мамлекет башчынын башка буйруктары менен Мээрим Момункулова жана Айнура Тезекбаева орун басарлык кызматтан бошотулган.