Президент Садыр Жапаров Стамбулга иш сапары менен барып, саммитке катышат

Жапаров саммиттин алкагында Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 11-12-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарына иш сапары менен барат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине (ТМКК) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" темасындагы сегизинчи жыйынына катышат.
Маалыматка ылайык, саммитте Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин аталышын Түрк мамлекеттеринин уюму деп өзгөртүү чечимине кол коюу күтүлүүдө.
КР Түрк маданияты фондунун финансы маселесине байланыштуу мыйзамды ратификациялады
Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта артыкчылыктуу тармактар боюнча кызматташтыгын тереңдетүүнүн жол картасы болгон "Түрк дүйнөсүнүн келечеги — 2040" стратегиялык документин жана уюмдун ишмердигине тиешелүү башка документтер кабыл алынат.
Мындан тышкары, 2019-жылы Баку шаарында өткөн саммиттин алкагында Казакстандын туңгуч президенти, ТМККнын ардактуу төрагасы Нурсултан Назарбаев тарабынан демилгеленген "Түрк дүйнөсүнүн 2040-жылга чейинки келечеги" тууралуу чечимге кол коюу пландалууда.
Аталган стратегиялык документ дүйнөнүн акыркы чакырыктарын жекече жана жамааттык түрдө чечүүдө ага мүчө-мамлекеттердин потенциалын колдоо үчүн негиздерди иштеп чыгууга багытталган.
Ошондой эле Жапаров Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.