Россиянын элчиси Кыргызстан ЕАЭБден кандай пайда көргөнүн айтты

Дипломаттын пикиринде, ЕАЭБ алкагында түзүлгөн механизмдер эң катаал жылдарда Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу байланышын сактап калууга көмөгүн көрсөттү.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуудан Кыргызстандан кандай пайда көргөнүн Россиянын КРдеги элчиси Николай Удовиченко айтып берди.
Кыргызстанга Россиялык компаниялардын көп тармактуу эл аралык комиссиясы келди. Анын мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда элчи эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүк позициясын бекемдеп турганын билдирди.
"Бул биримдиктин алкагында түзүлгөн механизмдер эң катаал жылдарда Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу байланышын сактап калууга жардам берди. Биримдикке мүчө болуу Кыргызстанга кызматташтык үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөн тышкары, ар кайсы тармактар боюнча өнөктөштөрдөн жардам алууга мүмкүнчүлүк берди", — деди Удовиченко.
Төмөндө ал Кыргызстанга көрсөтүлгөн колдоолорду эске салды:
"Бул программалар үчүн Россия миллиарддаган каражат которду. Бул кадам эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөдө", — деди элчи.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу аталган иш-чаранын расмий медиа өнөктөшү болуп эсептелет.