БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Казакстан коңшулары Кыргызстан жана Тажикстанга ок-дары жана атайын техника берерин Sputnik Казакстан агенттиги кабарлады.
Казакстандын коргоо министринин орун басары Руслан Шпекбаев Тажикстанга аскер мүлктөрүн берүү Казакстандын аскердик даярдыгына жана коргонуу жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизбестигин билдирген.
Бул макулдашууну мажилис депутаттары колдоп, документ сенатка жөнөтүлгөн.