Конуштарда көмүр колдонулбайт! Новиков жаңы долбоор тууралуу

Бул долбоор бишкектиктердин үйлөрүн көмүр менен жылытуу түйшүгүнөн арылтып, борбордогу абанын булганышын азайтат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкектин тегерегиндеги конуштардагы турак үйлөргө геотермалдык жылытуу долбоорун киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков билдирди.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков
Кыргызстанга россиялык компаниялардын Эл аралык көп тармактуу ишкер миссиясы келген. Новиков бизнес өкүлдөрүнө фонд экология жаатында эки долбоордун үстүндө иштеп жатканын айтты.
"Алардын бири геотермалдык жылытууну өнүктүрүүнү жана борбордун конуштарын ага этап-этабы менен которууну карайт. Бул жарандарды үйлөрүн көмүр менен жылытуу түйшүгүнөн арылтып, борбордогу абанын булганышын азайтат. Жылытуунун мындай түрүнүн баасы жакынкы келечекте көмүрдүн наркынан ашпоого тийиш", — деген фонддун төрагасы.
Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу аталган иш-чаранын расмий медиа-өнөктөшү болуп саналат.