Казакстандын айрым жерлеринде электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлө баштады

Кызыл-Ордо аймагынын бийлиги эмне себептен үйлөрдөгү жарыкты маал-маалы менен өчүрө баштаганын түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда жана ушундай эле аталыштагы шаарында маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлө баштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Аймактын калкын жана социалдык-өндүрүштүк объектилерди толук камсыздоо үчүн электр энергиясы жетишсиз болуп жатканы айтылды. Мындан улам облус борборундагы калк жыш жайгашкан кичи райондордо суткасына бир жарым сааттан жарык өчүрүлүүдө.
Жергиликтүү бийлик бул боюнча социалдык тармактар аркылуу калкка түшүндүрмө беришти.
"Облус электр энергиясынын 65 пайызын башка аймактардан алат. Алты пайызын облустун түштүгүндөгү өзүнүн электр станциясы бар күкүрт-кислота заводу камсыздайт, керектелүүчү электр энергиясынын белгилүү бир бөлүгү Кызыл-Ордо ТЭЦинде өндүрүлөт. Бирок ТЭЦ табигый газы менен иштейт, азыр газдын жетишсиздигинен улам ТЭЦте электр энергиясын өндүрүү бир топ кыскарды", — деп айтылат акимчиликтин билдирүүсүндө.
Эгер ТЭЦте газ жетиштүү болсо, электр энергиясынын тартыштыгын жоюуга болот.
Облус сырттан көбүрөөк электр энергиясын сатып алып, борбордогу электр энергия маселесин чечсе боло турганы да белгиленди.