Италияда Кыргызстандын элчилиги расмий түрдө ачылып, иштей баштады, Сүрөт

Казакбаев элчиликти ачууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Италия тарапка ыраазычылык билдирип, ал эми бул өлкөнүн ТИМ өкүлү Кыргызстан менен кызматташууларга даяр экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Италияда Кыргызстандын элчилигинин расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.
1 / 3
Италияда Кыргызстандын элчилигинин расмий ачылышы болду
2 / 3
Казакбаев элчилик ачууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Италия тарапка ыраазычылык билдирип, ал эми бул өлкөнүн ТИМ өкүлү Кыргызстан менен кызматташууларга даяр экенин айтты
3 / 3
Эмдиги жылы Кыргызстан менен Италиянын дипломатиялык алакасынын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы белгиленет.
"9-ноябрь күнү Кыргызстандын тышкы саясат боюнча ведомствосунун жетекчиси Руслан Казакбаев Италияга иш сапар менен барган. Анын алкагында элчилик расмий түрдө ишке киришип, салтанаттуу иш-чарага Италиянын тышкы иштер министринин орун басары М. Серени жана ал жакта окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар катышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Тарыхта биринчи жолу. Монголия Кыргызстанга элчи дайындады
Казакбаев элчилик ачууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Италия тарапка ыраазычылык билдирип, ал эми бул өлкөнүн ТИМ өкүлү Кыргызстан менен кызматташууларга даяр экенин айтты.
Эмдиги жылы Кыргызстан менен Италиянын дипломатиялык алакасынын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы белгиленет.
Эске салсак, бир нече жыл мурда Италияда кыргыз элчилиги жок болгондуктан мигранттар документтерди алуу үчүн бир топ убаракерчилик тартып жатканын айтып, өкүлчүлүк ачууну өтүнүп келишкен.