БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстан улуттук командасынын Сингапур жана Бахрейн командалары менен болуучу расмий жолдоштук беттештери көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, Кыргызстан 11-ноябрда Сингапур, ал эми 16-ноябрда Бахрейн менен кез келет.
Расмий билдирүүгө ылайык, оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул жолдоштук беттештер 2023-жылы өтүүчү Азия кубогу мелдешинин тандоо туруна даярдыктын алкагында өткөрүлөт.