БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Борбор калаада дарактарды мыйзамсыз кыйган курулуш компаниясына 13 миң сом айып салынды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Шаардын Үмөталиев көчөсүндөгү №157 үйдүн жака белиндеги дарактарды кыюу фактысы катталып, аны териштирүү үчүн ыкчам комиссия түзүлгөн. Ага Санитардык-экологиялык инспекциянын, "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын жана Кайгуул милициянын өкүлдөрү кирген.
Натыйжада "Нур-Энергопромсервис" курулуш компаниясына дарактарды кыюуга уруксат кагазы берилбегени аныкталды. Мындан улам Жоруктар кодексинин 120-беренеси боюнча 13 миң сом өлчөмүндө айып салынган.
Ошондой эле ал жерди кайрадан жашылдандыруу боюнча акты түзүлгөнү белгиленди.
Бишкек мэриясы шаардыктарга кайрылып, мыйзамсыз түрдө бак кыйган, таштанды таштаган фактыларга күбө болгондорду Санитардык-экологиялык инспекцияга төмөнкү номерлер аркылуу кабарлоону өтүнөт: