БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын чоң көчөлөрүнө тордон жасалган таштанды салгычтар орнотула баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Биринчи этапта мындай үкөктөр Жибек жолу проспектиси жана Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишине, Веселая, Кантемировская жана Буденный көчөлөрүнө коюлат.
Мэрия шаардыктарды коммуналдык кызматта иштегендердин эмгегин баалап, таштандыны көчөгө ыргытпоону суранууда.