Бишкектин чок ортосунда аялын сабаган кишини таап, кармашты. Сүрөт

Буга чейин интернетте көчөдө эркек киши жанындагы аялды артынан кууп, башка-көзгө койгулаган видео тараган. Кармалган киши Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бишкекте соода борборунун жанында аялды сабоо фактысы боюнча 28 жаштагы К. А. кармалганын Свердлов райондук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Бишкекте соода борборунун жанында аялды сабоо фактысы боюнча 28 жаштагы К. А.
Эркек киши Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө уланууда.
Буга чейин интернетте көчөдө эркек киши жанындагы аялды артынан кууп, башка-көзгө койгулаган видео тараган. Окуя Dordoi Plaza соода борборундагы райондо болгон.
Аталган факт Жазык кодексинин 266-беренесине ("Бейбаштык") ылайык, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Тергөөдө видеодогу аял менен эркек жубайлар экени аныкталган.